Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Ош

Ноокаттын мэри болуп 35 жаштагы Ж.Нурдинов шайланды

Turmush -  Бүгүн, 30-июнда Ноокат шаарынын жаңы мэри шайланды. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча, мэрликке СДПК партиясынан Жоомарт Нурдинов, «Республика» партиясынан Бактыбек Мадмаров талапкер болуп чыккан.  

Шайлоого жалпы 21 депутаттын ичинен 20 эл өкүлү катышып, жыйынтыгында Жоомарт Нурдиновду 20 депутат бир добуштан колдоду.  

Ж.Нурдинов 1982-жылы туулган. Буга чейин Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык департаменттин директору болуп эмгектенип келген.

Ж.Нурдинов

Мэр

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2092
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×