Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусуАлай району 04.07.2017 09:58

Алайдагы Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Б.Артыков шайланды

Turmush -  Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысы болуп кечээ, 3-июлда Бакыт Артыков шайланды. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынын Алай районундагы өкүлү Мамыт Молдобаев билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчылыгына бир гана талапкер көрсөтүлгөн.

«Жалгыз талапкерди айылдык кеңештеги 11 депутаттын ичинен 9 депутат шайлаган. Бири каршы добуш берсе, 1 бюллетень жараксыз болду. 9 добуш менен Бакыт Артыков депутат болуп шайланды», - деди М.Молдобаев.

Бакыт Артыков кесиби боюнча педагог, экономист. Ал мындан 4 жыл мурун аталган айыл өкмөттүн башчысы болуп эмгектенген. Буга чейин Ош облустук статистика бөлүмүндө, Бүлөлү айыл өкмөтүндө эсепчи, жайыт комитетинин башчысы болуп эмгектенип келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×