Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Бүгүн өлкө аймагында эки жолу жер титиреди

Turmush -  Бүгүн, 6-июлда Кыргызстандын аймагында эки жолу жер титиреди. Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок экенин ӨКМ маалымдады.

Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, саат 02:03дө очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Күңгөй Ала-Тоо тоосунда, Кайыңдыдан чыгышка 21 чакырымда, Тегирменти айылынан түштүк-чыгышка 22 чакырымда, Тору-Айгыр айылынан түндүккө 27 чакырымда, Балыкчы шаарынан түндүк-чыгышка 35 чакырымда жагашты. 

Жер титирөөнүн күчү Кайыңды, Тегирменти, Кароол-Дөбө айылдарында 4 баллга, Кичи-Кемин, Шабдан, Төрт-Күл, Тамчы, Тору-Айгыр, Чок-Тал, Кош-Көл, Чырпыкты, Сары-Камыш айылдарында 3 баллга, Балыкчы шаарында, Чоң-Сары-Ой айылында 3 баллга сезилди.

Ошондой эле, саат 08:35де очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Анын очогу Кыргызстандын аймагында, Өзгөн шаарынан түштүккө 5 чакырымда, Кароол айылынан түштүк-чыгышка 5 км чакырымда жайгашты. Жер титирөөнүн күчү Шералы, Кароол, Чимбай, Куршаб, Мырза-Арык айылдарында жана Өзгөн шаарында 3 баллга сезилген.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1508
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×