Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

Араванда «Шайыр апалар» сынагынын катышуучулары сыйланды

Turmush -  Араван районундагы айыл өкмөттөрдөн чыккан 35 жаштан жогорку 65 айым «Шайыр апалар» кароо-сынагына катышты. Сынакта мыкты өнөрлөрүн көрсөткөн таланттуу айымдарга маданият бөлүмү тарабынан акчалай сыйлыктар жана белектер тапшырылганын райадминистрациядан билдиришти. 

Кароо-сынакта апалар кыргыз элинин каада-салттарын, ырым-жырымдарын сахналаштырып көрсөтүп, элдик ырларды жана эпостордон үзүндүлөрдү аткарышты.

«Шайыр апалар» кароо-сынагынын максаты — эл арасындагы өнөрлүү адамдарды коомчулукка таанытуу жана маданиятты жайылтуу.

31

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 762
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×