Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ош

Фото - 6 жаштагы Ханбийке «Жайлоо периси» аталды

Turmush -  Алай районунун Мурдаш айыл өкмөтүндөгү Үч-Чат жайлоосунда «Жайлоо периси» сынагы өтүп, 6 жаштагы Ханбийке баш байгеге ээ болду. Учурда аталган жайлоодогу бала бакчада 45 бала тарбияланып жатат.

Аймактык кабарчы билдиргендей, «Жайлоо периси» сынагына 5 жаштан 10 жашка чейинки 12 кыз катышкан. Аларга атайын тапшырмалар берилип, ата-энесинин жардамы менен сынакка даярданышкан. Сынактын жүрүшүндө саламдашуу, макал-лакап айтышуу, табышмак айтуу, кийимдер парады, хоббиси тууралуу айтуу тапшырмаларын аткарып беришти. Калыстар тобу ошол эле бакчада тарбияланган балдардан жана тарбиячылардан куралган.

Жыйынтыгында аткаруу чеберчилиги купулуна толгон жеңүүчү кызды бөбөктөр өздөрү аныкташты. Жеңүүчүлөргө жана жалпы катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан кызыктыруучу белектер ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1417
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:33,   11.12.2017   ( 19 адам окуп жатат)
×