Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Жер титирөөдө үйлөрү жабыркап, курулуш баштаган Чулуктагы эл электр жарыгы өчкөнүнө нааразы

Turmush -  Чоң-Алай районунун жер титирөөдөн турак үйлөр жабыркаган Чулук айылында бир жумадан бери электр жарыгы өчүрүлүп, курулуш иштери кечеңдөөдө. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Сулайман Жаркынбаев билдирди.

Анын айтымында, электр жарыгы түнкүсүн гана берилип жатат.

«Бизде учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу бир жумадан бери электр жарыгы кечкисин гана берилүүдө. Эртең мененки саат 08:00дөн тарта кечки 17:00гө чейин жабдуулар иштебей, курулуш иштери токтоп калды», - деди ал.

Ал эми, Чоң-Алай райондук электр тармактар мекемесинин жетекчиси Нурлан Умаров Сары-Ташта пландык оңдоп-түзөөгө байланыштуу 2 күн өчүрүүлөр болгонун айтты.

2017-жылдын май айынын башында Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган Жекенди айыл аймагынын Кара-Мык, Кара-Тейит, Шибээ, Жекенди жана Чулук айылдарында жалпы 1021 турак жай изилденип, 4-даражада 601 турак жай жана 5-даражада 9 турак жай жабыркаганы аныкталган. Ал үйдө жашаган үй-бүлөлөр үчүн ӨКМ 550 чатырларды тигип берген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 876
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×