При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Араванда 88 млн долларга курулуп жаткан заводдон жылына 1 млн тоннага чейин цемент өндүрүлөт (фото)

Turmush -  Араван районундагы Алля-Анаров айыл аймагынын Шор-Булак тилкесинде цемент заводдун курулушу улантылып жатат. Бүгүн, 11-июлда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов заводдун курулушу менен таанышты.

Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, завод куруу үчүн 39,79 гектар жер аянты 49 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилген. Заводдун сметалык баасы 88 млн долларга жетет. Долбоор боюнча анын кубаттуулугу күнүнө 2500 тоннага жетип, жылына 1 млн тоннага чейин цемент өндүрүү пландалууда.

Курулуш иштери 2017-жылдын март айында башталган. Курулуш учурунда миңге жакын адамды, заводдун пайдаланууга берилиши менен 250 адамды иш менен камсыз кылуу каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1314
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу