Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ош

Тагдыр: Өз алдынча ордунан тура албаган Жусуп уста Россияга чейин кызмат кылган шакирттерди даярдады

Turmush -  Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү Ак-Жал айылынын 59 жаштагы тургуну Жусуп Каримов өз алдынча ордунан тура албаганына карабай, ат жабдыктарын мыкты жасайт. Учурда Жусуп мырзанын кардарлары да арбын.

«Кичине кезимден эле устачылыкка жакын болуп чоңойдум. Үй-бүлөбүздөгү биринчи уста да мен болдум. Айылдаш балдарды ээрчип жүрүп, ат жабдыктарды жасоону үйрөнүп алгам. Учурда камчыдан тартып, ат жабдыктын бардык түрүн жасай алам. Айылдаштарымдын бут кийимдерин дагы оңдоп берем. Устачылык мен үчүн өтө сыймыктуу кесип. Кардарларымдын көпчүлүгү айылдаштарым», - деди уста.

Учурда топоздун терисинен ат жабдыктарын жасап жатат. Ага уулу Максат кол кабыш кылып, жардам берип турат.

«Менин 2 уул, 1 кызым бар. Кичүү уулум менин жолумду жолдоп, устачылык өнөрдү өздөштүрдү. Керектүү буюмдарды базардан алып келебиз. Жабдыктардын басымдуу бөлүгү, камчылар топоздун терисинен жана кайыштан жасалат. Бир аттын жабдуусун толугу менен жасоого 2 ай убакыт сарптайм. Көк бөрү үчүн жасалган камчылардын баасы да жогору болот. Бардык буюмдарды кардарлардын талабындай жасап беребиз», - деди Ж.Каримов.

Ошондой эле, Жусуп мырзанын айрым шакирттери учурда кесиби менен Россияда эмгектенип жатышат. Алардын ийгилигин устаты дайыма кубануу менен айтып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1843
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×