Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ош

Чоң-Алайда үйлөргө кооптуулук жараткан дарыянын жээги бекемделип жатат

Turmush -  Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүндө үйлөргө кооптуулук жаратып жаткан дарыянын жээги бекемделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, тынымсыз жааган жаан-чачындын кесепетинен Дароот-Коргон айылындагы Кызыл-Суу дарыясынын суусу көбөйүп, Кошулуш тилкесинде жээкти жеп отуруп, 5 үйдүн короосуна жеткен. Кошулуш жана Кара-Кыя тилкелеринде таш ташып, тосмо кылуу үчүн ӨКМ тарабынан 4025 литр күйүүчү май бөлүнүп, жээкти бекемдөө иштери уюштурулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 748
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×