Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

Фото - Өзгөндүн Красный Маяк айылындагы жалгыз спорт зал кулайын деп калды

Turmush -  Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Красный Маяк айылындагы жалгыз спорт клуб кулап калуу коркунучунда турат. Айылда мындан башка имараттын жоктугунан жаштардын көбү ушул залга келишет, дешет жергиликтүү тургундар.

«Учурдагы спорт клуб мурун тамеки эккендердин ишканасы болгон. Кийин спорт клубга берилип, бирок учурда кулап калуу коркунучунда турат. Ошого карабай машыгып келебиз. Айыл өкмөт жаңы имарат үчүн жер тилке бөлүп берүү өтүнүчүбүздү аткарган жок», - дешет жаштар.

Ал эми, айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Замир Сыдыковдун айтымында, учурда жаңы спорт зал куруу пландалып жатат.

«Спорт клубдун имараты айыл өкмөттүн балансына карайт. Имаратты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги текшерип, пайдаланууга жараксыз деп табылган. Учурда жаңы спорт зал курууга долбоор иштелип жатат. Эски спорт залды оңдоп-түзөөгө мүмкүн эмес», - деди З.Сыдыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 834
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×