При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Кара-Кулжада 32 жыл мурун курулуп баштаган ветеринардык борбордун имараты оңдолуп жатат (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа райондук ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун имараты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат.

Борбордун жетекчиси Медетбек Баатыровдун айтымында, буга чейин жамаат толук бүтпөгөн имаратта иштеп келген. Райондук ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борбору 3 бөлүмдөн турат. Бөлүмдөрдө жалпы 18 бөлмө жайгашкан.

Жаңы имараттын курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттен 2 млн 559 миң сом бөлүндү. Эми имаратта ысык суу, канализация болуп, заманбап шарттар түзүлөт. Курулуш иштери бүткөндөн кийин керектүү эмеректер менен да камсыздалат.

Маалым болгондой, райондук ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борбору 1985-жылы курулуп баштап, 1990-жылдары токтоп калган. Башка имарат жок болгондуктан, ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун жамааты чала бүткөн ушул имаратта иштегенге аргасыз болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 440
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу