При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Ноокаттын Гүлистан айылындагы көпүрө жарактан чыкты (фото)

Turmush -  Ноокат районундагы Гүлистан айыл аймагында курулган көпүрө 1500 кожолук үчүн кооптуу абал жаратууда.

Айылдын жашоочуларынын айтымында, көпүрө 1980-жылы курулуп, 2007-жылдан тарта бузула баштаган. Аны оңдоп-түзөө үчүн мамлекеттик бюджеттен жылына 100 миң сомдон бөлүнүп, бирок кайра эле баштагыдай абалга келип калат. Анын ылдый тарабынан шагыл алуунун кесепетинен учурда көпүрө өтүүгө мүмкүн болбой калган.

Райондун борборунан болгону 4 чакырым алыстагы айылдын эли учурда 17 чакырым аралыкты айланып өтүүгө мажбур болууда. Айрыкча бейтаптарды, кош бойлуу келиндерди ооруканага жеткирүү чоң көйгөй. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 697
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу