Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

Араванда селден жабыркагандар Кең-Сайга көчүрүлөт (фото)

Turmush -  Араван районунун Кичи-Алай айылында селден жабыркагандар Кең-Сай конушуна көчүрүлөт. Бул туралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, селдин кесепетинен 6 үй жабыркаган. Сел каптоо коркунучу бар дагы 5 үй менен жалпы 11 турак жай көчүрүлөт.

«Селден жабыркагандар менен өкмөттүн облустагы өкүлү жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө жабыркагандарга жер бөлүнгөндүгү жана курулуш материалдары жагынан жардам көрсөтүлүп, шарт түзүлгөндүгү айтылды», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, 9-июлда саат 16:00 чамасында Араван районундагы Кичи-Алай айылынын Торпу аймагын катуу жаандан кийин колоттордон аккан сел суусу каптаган. Анын кесепетинен 4 үйдүн ичине кум-шагыл толуп, авариялык абалга келген.

Мындан тышкары, 1 үйдүн короосун сел калдыктары каптап, 5 унааны сел суусу агызып кеткен. Анда жабыркагандар үчүн 4 чатыр тигилип, азык-түлүк жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1218
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×