Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ош

Тоолуу Чоң-Алайдагы көп балалуу апалар сыйланды (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районундагы көп балалуу апаларга сыйлыктар тапшырылды.

Аймактык кабарчы билдиргендей, атайын уюштурулган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө 22 энеге «Баатыр эне» ордени, 2 энеге «Эне Даңкы» медалы тагылды. Куттуктоо аземине акимдин орун басары Саадат Туйгунова, айыл өкмөт башчылар жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө С.Туйгунова жалпы энелерди куттуктап, балдарды төрөп, аларды коомго пайдасы тийген адам болсун деп тарбия бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чараны шайыр апалар концерттик программасы менен коштоду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1001
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:33,   11.12.2017   ( 21 адам окуп жатат)
×