При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Өзгөрүш айылында 420 орундуу жаңы мектеп ачылат (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы жалгыз мектептин имараты жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу аталган мектептин директору Ибадат Кожоакматова билдирди.

Анын айтымында, Ж.Шеркулов атындагы мектептин 89 жыл мурун курулган имараты жараксыз болуп, окуучулар кошумча имаратында 3 нөөмөт менен билим алып келишкен.

«Биздин эски мектеп 2 имараттан турат. Бири 1928-жылы курулса, экинчиси 1973-жылы курулган. Мектептин эки имараты тең Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан колдонууга жараксыз деп табылган. Бирок, 1973-жылы курулган имаратта 3 нөөмөт менен окуучуларга билим берип келдик. Жер титиреген сайын мектептин дубалдарындагы жарака чоңоюп, кооптонуу жаратып жаткан», - деди директор.

Айылда жалпы 610 окуучу бар. Жаңы имарат 420 орунга ылайыкталып, спорт залынын пайдубалы да курулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 398
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу