Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

«Алай ханышасы» фольклордук тобундагы пенсионер апалар элдик ырларды жайылтып, кол өнөрчүлүк менен да алектенишет (видео)

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылында жашаган пенсия курагындагы апалар «Алай ханышасы» фольклордук тобун түзүп, үрп-адаттарды, каада-салттарды жана элдик ырларды жайылтуу менен алектенүүдө.

Чейрек кылым мурун уюшулган бул топто учурда 14 эне бар. Алардын эң жашы 52 жашта болсо, уулусу 70 жашка толду. Топтун жетекчиси Аккыз Алагөзова менен аймактык кабарчы таанышты.

аялдап1

«Биздин топ 1991-жылы негизделген. Айылдагы таланттуу аялдар топтолуп, майрамдарда кыргыздын улуттук салт-санааларын жаштарга жеткирип жүрөбүз. 5 жыл мурун атайын фольклордук топ кылып өзгөртүп, азыр элдик ырларды дагы аткарып жатабыз. Биз жаштарга аз да болсо кеп-кеңеш айтып, үлгү болуп келебиз», - деди ал.

Ошондой эле, топтогу таланттуу энелер кол өнөрчүлүк менен да алектенишет. Учурда буйрутма алып, кыздарга сеп даярдап жатышат.

«Кол өнөрчүлүк үчүн атайын бир бөлмө ачып алганбыз.Кыздардын септерине, машинанын жабууларына буйрутма алып жасап беребиз. Бош убактыбызда элдик ырларды үйрөнөбүз. Карылыкты бактылуу мүнөттөр менен өткөрүүгө аракет кылып келебиз. Айылыбыздагы улгайган айымдар сырдашып, пайдалуу иштерди жасап, күнүбүздү көңүлдүү өткөрөбүз», - деди А.Алагөзова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1001
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×