При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Ноокатта оң колу жок табылган ымыркайдын энесин издеп жатышат

Turmush -  Ноокаттын Төөлөс айыл аймагындагы Толман айылында арыктын жээгинен оң колу жок табылган ымыркайдын энесин издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Айрым маалыматтар боюнча, белгисиз аял ымыркайды 6-7 айлык кезинде ошол жерден төрөп, баштыкка салып таштап кеткен. Тону менен кошо ташталган ымыркай кыздын денесин 2017-жылдын 4-июнунда жергиликтүү тургундар таап алышкан. Анын оң колун ит жеп кетиши мүмкүн деп айтылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 921
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу