Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ош

АКИ-TV: Өзбекстандан келген 50дөн ашык кыргыз үй-бүлө 7 жылдан бери батирлеп жүрөт (фото)

Turmush -  Өзбекстандан мындан 7 жыл мурун көчүп келген этникалык кыргыздардын 50дөн ашык үй-бүлөсү ушул күнгө чейин батирлеп күн кечирүүдө. Алардын ичинен 20га чукул үй-бүлө шарттын жоктугунан кайрадан Өзбекстанга кетүүгө аргасыз болгон. Туруктуу жашаган дареги жоктугунан каза болгон жакындарын жерге берүүдө дагы кыйынчылык тартып келишет. Учурда 41 үй-бүлө Өзгөн шаарынын Жаңы-Өзгөн кварталында батирде жашап жатат.

Кайрылман макамына ээ болгон кыргыздар 21-июлдагы жолугушууда Turmush басылмасынын кабарчысына өз элинде кор болгонун айтып кейишти. Кайрылмандардын бири Абдилаким Тажибаевдин агасы Базарбай Тажибаев жакында каза болгон. Туруктуу жашаган үйү жоктугунан агасынын сөөгүн шаарга коюуга уруксат берилбей, Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айыл өкмөтүндөгү мүрзөгө коюуга аргасыз болду.

«Биздин балдарыбыз бала бакчага бармак түгүл, өлүгүбүз талаада калуу коркунучу жаралууда. 41 үй-бүлө 2010-жылдан бери ар жерде жашап жатат. Менин 2 уул, 3 кызым бар. Балдарды үйлөнтүп, кыздарымды турмушка узатууда көйгөй жаралууда. Өкмөт Памирде жашаган кыргыздарды көчүрүп келүү маселесин карап жатканын уктук. Биз дагы көчүп келдик, бирок караган эч ким жок. Балдарыбыз жумуш жоктугунан Россияга кетүүгө аргасыз», - деди ал.

Каза болгон жаран Марипат Калыбекованын бир тууган иниси болчу. Ал иниси ооруганын айтпай, каражаттын, үйдүн жоктугунан дартын жашырып жүрө бергенин айтууда.

«Инимдин эки кыз, бир уулу бар эле. Баласы Россияда иштегендиктен атасынын сөөгүн дагы көрө алган жок. Мен Өзгөнгө турмушка чыгып, ошол жерге катталгам. Инилерим кыйналып жатышса карап тура албайт экенсиң. Азыр туугандардын үйлөрүндө, ар кимдин үйүндө баш калкалап келишет. Ушуларга жер берилсе жакшы болмок», - деди М.Калыбекова.

Ал эми, 70 жаштагы Тиллекан Ормонбекова 3 жылдан бери паспортко жетпей убара. Ал Кыргызстанга 8 баласы менен көчүп келген. Учурда 2 уулунун үй-бүлөсү менен бирге жашап жатат.

«Паспорт алууга 3-4 жолу документтеримди тапшырдым. Бирок, ар кандай шылтоолорду угам. Эки уулум катуу ооруп, ооруканага жатып чыгышты. Ал учурда биз карыз болбогон адам калган жок. Балдарым күнүмдүк тамак-ашка гана каражат табышат», - деди Т. Ормонбекова.

Учурда Өзбекстандан келген кыргыздардын басымдуу бөлүгүнө жарандык тууралуу паспорт берилген. Ал эми, кайрылмандарга жер берүү боюнча жергиликтүү тургун Исмаил Караев Өзгөн шаарынын мэри Саипжон Пратовго кайрылганын кошумчалады.

«Мен 41 адамдын документин Өзгөн шаарынын мэри Саипжон Пратовго тапшыргам. Бирок, бул маселе чечилбей келет», - деди И.Караев.

Жергиликтүү тургундар бул маалыматты тактоо үчүн Өзгөн шаардык мэриясына чейин барышты. Бирок, Өзгөн шаарынын вице-мэри Рахман Атаджанов бул маселе боюнча укпаганын, шаарда турак жай курууга бөлүнө турган жер жоктугун билдирди.

«Биз бул маселе менен шаар мэри эмгек өргүүдөн келгенден кийин гана таанышып чыгабыз. Бирок, шаардын аймагында бош жаткан жер жок», - деди Р.Атаджанов.

Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиевдин айтымында, райондун аймагынан жер берүүгө 7-8 ай убакыт сарпталат. «Бул маселе менен таанышмын. Кайрылмандардын тизмесин тактоону сунуш кылгам. Бул маселени Өзгөн шаарынын мэриясы чечип бериши керек. Анткени кайрылмандар Жаңы-Өзгөн кварталында жашап келишет. Өзгөн районунун аймагында сугат жер жок, бирок кайрак жер бар. Өзгөн шаардык мэриясы жер берүү боюнча бизге кайрылса, комиссия түзүлүп, текшерилет. Бул иштерге жок дегенде 7-8 ай убакыт сарпталат», - деди О.Осмоналиев.

Жыйынтыгында жерге аба менен суудай муктаж болуп турган эл Өзгөн шаарынын мэри Саипжон Пратовдун эмгек өргүүдөн келишин чыдамсыздык менен күтмөй болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12527
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
bek.bek
14:28, 22 июля 2017
Паспорт жана жарандык алуу боюнча Өзгөн райондук паспорт столго кайрылгыла. Этникалык кыргыздарга жарандык жөнөкүйлөтүлгөн тартипте акысыз берилет.
Нет аватара
Karl
13:56, 22 июля 2017
Ээ туугандар, сабыр кылгыла эми. Көчүп келген силер эмес өмүр бою ушул жерде жашагандар деле квартиралап жашап, оокат кылып келе жатабыз. Өкмөт оңолуп кеткиси бардыр.
Көп окулду
×