Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

Өлкө аймагында 2 жолу жер титиреди

Turmush -  Кечээ, 23-июлда саат 16:36 чамасында Нарын облусунун Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунун чектешкен тоо кыркаларында очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча, жер титирөөнүн күчү Ак-Булак, Кара-Булак айылдарында 4 балл, Куланак айылында 3,5-4 балл, Баетов, Кара-Булуң, Кызыл-Туу айылдарында 3,5 балл, Ат-Башы айылында 3 балл, Нарын шаарында 2,5 баллга сезилген. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Ошондой эле, бүгүн, 24-июлга караган түнү 02:13 чамасында Тажикстан Республикасынын аймагында очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн күчү Оштогу Чоң-Алай районунун Алга айылында 3 балл, Кара-Тейит, Карамык айылында 2,5 баллга сезилген. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 737
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×