Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусу, Ош 25.07.2017 10:38

Ош шаарынын жашоочулары жылына 22 миң тонна көмүр жагат

Turmush -  Бүгүн, 25-июлда Ош шаардык кеңешиндеги депутаттар кезектеги IX сессияга чогулушту. Сессияда шаар мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын жашоочулары жылына 22 миң тоннага чейин көмүр керектей турганын айтты.

«Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөгү жашоочулардан сырткары жергиликтүү тургундар 22 миң тоннага чейин көмүр керектейт. Биз жыл сайын көмүр чыгаруучу ишканалар менен сүйлөшүп, шаардыктарга килограммын 3 сом 50 тыйындан алып келип беребиз. Быйылкы жылы дагы ушул баа сакталат»,- деди мэр.

Вице-мэр Асылбек Топчубаев учурда запаста 1 миң 300 тонна көмүр бар экенин кошумчалады. Ал эми, Ош шаарында жылына 11 жерде көмүр сатуучу пункттар иштейт.

Сессияга шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда. Кезектеги сессиянын күн тартибине алты маселе коюлган.

Учурда жылуулук-энергетикалык компекс мекемелеринин 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маселелер каралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×