Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Этникалык кыргыздар жашаган Сары-Моголдо биринчи жолу спорт зал курулуп жатат (фото)

Turmush -  Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү жалгыз Х.Алимсеитов атындагы мектебине 100 орундуу ашкана менен спорт зал курулуп жатат.

Айыл өкмөттүн башчысы Рахматилла Саитовдун айтымында, курулуш иштерине бюджеттен 22 млн сом каралган.

«Бул мектептин окуу имараты былтыр пайдаланууга берилген. Быйыл 100 орундуу ашканасы менен спорт зал курулуп жатат. Курулуштун жалпы сметалык баасы 53 млн сомду түзгөн. 31 млн сомго окуу имараты курулган. Ашкана менен спорт зал жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет», - деди Р.Саитов.

Мектеп директору Орозбай Исмаилов буга чейин мектепте спорт зал болбогонун, мектепте жалпы 1070 окуучу бар экендигин кошумчалады.

Аталган айылда Тажикстандан келген этникалык кыргыздар жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1808
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×