Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

«Жеңеке»: Дарыйка жеңе үйлөнүү тоюнда кайнатасын өпкөнү үчүн азыркыга чейин уялат (фото)

Turmush -  24 жаштагы Дарыйка Медербек кызы Кара-Суу районундагы Учар айылынан Жаңы-Алай айылына келин болуп барган. Шайыр жеңеке башка үйгө бүлө болуп, жаңы жашоо башталган алгачкы күндөрдөгү окуяларды бирде уялып, бирде күлүп баяндап берди.

«2012-жылы социалдык тармактан бейтааныш жигит достук жиберди. Сүрөтүн карасам спорт залда түшкөн кең далылуу, узун бойлуу жигит экен. Достукка кошуп койгонум менен ал көп жазчу эмес. Жумасына бир жолу гана социалдык тармакка кирген сырдуу жигит саламдашып эле койчу. Арадан эки жыл өткөндөн кийин кайрадан кат жазып, жолугушууну сунуштады. Алгачкы жолугушууда эле мен аны 2 сааттай күттүм. Ал биздин айылга келе жатып, жолдон жүргүнчү ала келген экен. Кечигип келгенине таарынып, унаасына отурсам артында айылдаш эжебиз бар экен. Ал бизге “түбөлүккө бактылуу болгула” деп батасын берип, унаадан түшүп кеткен. Биздин мамиле андан ары уланып, бирок баш кошобуз деп жатканда таарынышып кеттик. Арадан бир жыл убакыт өткөн соң кайрадан табышып, ошол жылы баш коштук. Азыр экөөбүз айылдаш эжемдин батасы тийип баш коштук деп айтып калабыз», - деди ал.

Дарыйка жеңе кайын журтунун улуу келини.

«Биздин үйлөнүү тоюбуз өтүп жатканда тамада жомок айтып, жолдошум экөөбүздү башкы каарман кылды. Бир убакта “Ошентип, Дарыйка барып ата-энесинин жүзүнөн сүйөт экен” дегенде жүгүрүп барып, кайын энемди, анын артынан кайын атамдын бетинен өөп койдум. Ал учурду сүрөтчүлөр дароо тартып коюшуптур. Ал эми, Ошто келиндер кайын атасын өпмөк тургай жүзүнө тик карабайт. Мен кайын атамды өпкөнүмө бүгүнкү күнгө чейин уялам. Тойдон кийин кайын энем көпкө чейин күлүп жүрдү. 

Мүнөзүм турмушка чыккандан кийин деле өзгөргөн жок. Кайын журтка кичине кызындай эркелеп, каткырыгымды тыя албайм», - деди жеңебиз.

Дарыйка жеңе менен жолдошу Алмаз учурда алгачкы перзентин күтүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7128
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×