Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Кара-Сууда мэр З.Тургунбаевдин жетекчилиги менен турак жай маселесин чечүү аракеттери көрүлүүдө

Turmush -  Ош облусундагы Кара-Суу шаарын Ош шаарынын деңгээлине жеткирүү максаты менен инфраструктурасын жакшыртуу, бюджетти көбөйтүү жана социалдык абалын алдыга жылдыруу аракеттери улантылып жатат. Мындай чоң пландарды койгон Зарлык Тургунбаев 2013-жылы Кара-Суу шаарына мэр болуп шайланган. Шаардын тазалыгын сактоо, көрктөндүрүү жана чоң көйгөй жараткан таза суу маселесин чечкен мэр учурда турак жай көйгөйүн жоюу аракеттерин көрүүдө.

фото З.Тургунбаевич
1969-жылы төрөлгөн З.Тургунбаев мурунку Кыргыз мамлекеттик университетин 1993-жылы аяктап, экономист-бухгалтер кесибине ээ болгон.

- Эмгек жолун 1996-1999-жылдары Кыргыз фондулук биржасынын Оштогу өкүлчүлүгүнүн директору болуп баштаган;

- 2004-2005-жылдары Араван райондук социалдык фонд бөлүмүнүн башчысы;

- 2005-жылы Ош шаардык мэриясынын Аппарат жетекчиси;

- 2006-2013-жылдары Кара-Суу райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн башчысы;

- 2013-жылдын октябрь айынан бери Кара-Суу шаарынын мэри.

Кара-Суу шаарында бүгүнкү күндө социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын бардык көрсөткүчтөрү боюнча пландар ашыгы менен аткарылып, шаардын жергиликтүү бюджети 2014-жылы — 55 млн 147 миң сом, 2015-жылы — 61 млн 360 миң сом, 2016-жылы — 67 млн 847 миң сомду түзүп, элдин турмуш шарты, шаардын инфраструктурасы жакшырууда. Эл аралык уюмдарга долбоорлор жазылып, колдоого алынууда. Эң ири долбоорду Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы колдогон. Анын ишке ашуусу менен Кара-Суу шаары толук таза суу менен камсыздалып, суу түтүктөрү жаңыланып, канализация курулат.

З.Тургунбаев өзүн тажрыйбалуу, уюштуруучу, ишке талапты катуу койгон жетекчи катары көрсөтө алды. Өзүнүн ишинде жоопкерчиликти сезген аткаруучулук тартиби жогору, эмгек жамаатында чоң кадыр-баркка ээ. Үзүрлүү эмгегинин натыйжасында Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Кара-Суу райондук  мамлекеттик администрациясынын грамоталары жана бир нече жолу райондо «Мыкты жетекчи» наамы, «Муниципалдык кызматтын отличниги» наамы менен сыйланган.  

2014-жыл ичинде Кара-Суу шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү:

Өнөр жай тармагында: Отчеттук мезгилде өнөр жай продукцияларын чыгаруучу ишканалар тарабынан 2014-жылдын ичинде 22 млн 651 миң 800 сомдук өнөр жай продукциялары чыгарылып, 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 98,4% аткарылды. Ал эми, пландын аткарылбай калганына «Дружба обувь компани» жоопкерчилиги чектелген ишканасы 2013-жылга салыштырмалуу 2 млн 923 миң сомдук продукцияны аз чыгарганы себеп болду. Ошондой эле, айрым кичи ишканалар сырьенун жана буйрутманын жоктугунан иштебей калган. Өнөр жай продукциялары негизинен калк тарабынан 12 млн 786 миң сомго чыгарылып, 106,7%га аткарылды.

Айыл чарба тармагында: 2014-жылдын ичинде 88 тонна эт өндүрүлүп, 2013-жылга салыштырмалуу 100%ды түздү. Сүт 241 тонна өндүрүлүп, 100,8%, 166 миң даана жумуртка өндүрүлүп, 100% түздү.

Чекене товар жүгүртүү: План 6 млрд 89 млн 900 сомго аткарылып, 2013-жылга салыштырмалуу 104,9%ды түздү.

Капиталдык салым, курулуш жана инвестиция тартуу

Кара-Суу шаарында өткөн жылдын отчеттук мезгилинде 30 млн сомдук жумуш аткаруу божомолдонуп, 64 млн 100 миң сомго камсыздалды. 2014-жылдын ичинде Кара-Суу шаардык кеңешинин токтомунун негизинде жергиликтүү бюджеттен оңдоо иштерине 14 млн 817 миң 900 сом, автоунааларды сатып алууга 4 млн 300 миң сом, жалпы 19 млн 117 миң 900 сом чыгаша сметасы бекитилген. Жалпысынан бул акча каражатына 13 объекттин курулуш иштери бүткөрүлдү. Тышкы жана ички инвестициянын каражаты менен Кара-Суу шаарында 49 млн 300 миң сомдук социалдык жана башка объектилер курулуп бүткөрүлдү.

Автотранспорт менен жүк ташуу боюнча жеке ишкерлер тарабынан 252 миң 100 тонна жүк ташылып, 2013-жылга салыштырмалуу 101,4%ды түздү. Жеке ишкерлер тарабынан 83 млн 3 миң 100 жүргүнчү ташылып, 2013-жылга салыштырмалуу 100,8% түздү.  

Кара-Суу шаарынын калкын таза суу менен камсыздоо

«Кара-Суу таза суу» муниципалдык ишканасы таза суу менен 9 миң 746 абонент, 72 мекеме, 15 бюджеттик ишканаларды тейлейт. Бул ишкананын 2014-жылга бекитилген бюджети 3,5 млн сомду түздү. Анын ичинен 2014-жылдын ичинде топтолгон акча каражат 2 млн 440 миң сомду түзгөн. Элден топтолгон акча каражат — 1 млн 258 миң сом (51,5%), өнөр жай жана коммерциялык ишканалардан топтолгон акча каражат — 225 миң 800 сом (9,3%), бюджеттик мекемелерден — 956 миң 800 сом (39,2%) топтолуп, 2013-жылга салыштырмалуу 102,4%га аткарылды.

2014-жылы аткарылган иш-чаралардын негизинде шаар элинин дебитордук карызы 87 миң 517 сомго кыскарган. «Кара-Суу таза суу» муниципалдык ишканасы тарабынан калкты үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо максатында 490 миң сомдук иштер аткарылды.

Кара-Суу шаарындагы 4 миң 593 кожолукта 22 миң 580 адам жашайт. 1 миң 310 үй-бүлөгө социалдык паспорт толтурулган, анын ичинде эң жакыр деп 467 үй-бүлө катталган. Бул көрсөткүч 10,1%ды түзөт.  2014-жыл ичинде 94 аз камсыз үй-бүлөгө жөлөк пул дайындалган же 269 балага чегерилген 1 айлык керектелүүчү акча 25 миң сомду түзгөн. 13 жалгыз бой энелердин үй-бүлөсү социалдык кызматкерлер тарабынан ар ай сайын тейленет. Шаарда каттоодо турган 246 майып жашоочулар бар. Бир жыл ичинде майыптарга 270 миң 180 сом акчалай жардам берилди.

Шаарда каттоодо турган 15 баатыр эне бар. Алардын ичинен азыркы учурда 8 баатыр энеге 200 сомдон дары-дармекке, 720 сомдон жол акыга, жалпы 13 миң 800 сом берилди.  

Кара-Суу шаарынын 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 1-январына чейин социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө маалымат:

2015-жылдын 12 айында 15 млн 734,4 миң сомдук продукция чыгарылып, 2014-жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 69,5%ды түздү. 2015-жыл ичинде иштеген өнөр жай ишканалары: «Дан-Азык» ААК 3 млн 256,8 миң сомдук продукция чыгарып, 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 48,2% түзүп, 3 млн 494,5 миң сомдук продукцияны аз чыгарган. Сырьенун жоктугунан жана Казакстан Республикасынан алынып жаткан ундар көп жана арзан болгондуктан продукцияны көлөм түшүп кеткен. Мындан улам шаардагы ун чыгаруучу кичи ишканалар иштебей токтоп турат. Калк тарабынан 12 млн 913,86 миң сомдук өнөр жай продукциясы чыгарылып, 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу план 101,5%га аткарылды.

Бюжеттин киреше бөлүгү: 2015-жылдын жыйынтыгы менен бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 100,2% аткарылып же долбоорлонгон 58 млн 930,5 миң сомдун ордуна жалпы киреше 59 млн сомду түздү. Бул долбоорлонгон суммадан 104,5 миң сомго ашык. 2014-жылга салыштырмалуу өсүү ыргагы 111,6%ды түздү.

Кара-Суу шаарынын 2016-жылдын 12 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маалымат:

Кара-Суу шаарынын 2016-жылдын 12 айында социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүн, жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын камсыздоо үчүн өкмөттүн, облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын көрсөтмөлөрүн, шаардык кеңештин 2016-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча токтому менен бекитилген иш-чараларды иш жүзүнө ашырууда шаар мэриясы тарабынан бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Жыл ичинде квартал сайын райондук мамлекеттик администрацияга отчеттор тапшырылып, шаардык кеңешке маалыматтар берилип турду. Тапшырылган отчеттор жана маалыматтар боюнча белгиленген кемчиликтер, сунуштардын жыйынтыктары мэриянын аппараттык кеңешмелеринде каралып, кемчиликтерди өз убагында жоюу иштери жүргүзүлдү. Натыйжада 2016-жылдын 12 айында 16 млн 819,1 миң сомдук продукциялар чыгарылып, мурунку жылга салыштырганда 105,2%га аткарылды.

Бюжеттин киреше бөлүгү: Шаардын жергиликтүү бюджетине 2016-жылдын 12 айында жалпысынан (атайын каражаттарды кошкондо) 67 млн 857,6 миң сом түштү. Такталган планга карата 100,6% камсыздалган. Өз ыктыяры менен алынуучу патент сатуудан 76 миң 32,7 миң сом, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдөн алынуучу салыктан 11 млн 289,8 миң сом, жер салыктарынан 25 млн 22,9 миң сом, сатуудан алынган алынуучу салыктан 18 млн 478,8 миң сом, атайын каражаттардан 5 млн 619,1 миң сом түштү. Ошону менен бирге эмгек акыдан эсептелүүчү салыктан 20 млн 534 миң сом түштү. Кара-Суу шаарынын муниципалдык жерлеринен алынуучу ижара акы 2016-жыл ичинде 1 млн 402,2 миң сомго жетти.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан колдоого алынган таза суу системасын жакшыртуу жана таштанды сууларды тазалоочу курулманын курулушу үчүн биринчи этапта 6 млн 320 миң евро бөлүү каралып, кредиттик жана гранттык келишимдер түзүлдү. Европа өнүктүрүү банкы тарабынан консультанттар келип, 2017-жылдын 10-январынан жумуштарын башташкан. Биринчи этапта Кара-Суу шаарынын Юбилейный, Арашан кичи шаарчаларында жайгашкан көп кабаттуу үйлөр, борбордук Ленин, Кушбаков, Токтогул көчөсүндө жайгашкан жеке менчик үйлөр, административдик жана социалдык объектилер канализацияга уланат.

2016-жыл ичинде шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментине шаардын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү, курулуш иштерине каралган акча каражаттын эсебинен Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациянын алдындагы жер аянтына, Ленин көчөсүндөгү кинотеатрдын алдындагы гүлбакка, Х.Юлдашев көчөсүндөгү үч бурчтук жерге кара топурак салып гүл эгүүгө, «Оомат» базарынын тушун көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга, 32 миң 480 түп гүл көчөттөрүн отургузууга 460 миң сом сарпталган. Ал эми, кара топурак салууга 150 миң сом жумшалган.

Ленин көчөсүндөгү «Ала-Тоо» кинотеатрынын алдындагы гүлкананын түтүгүн алмаштырып, реконструкциялоого жана Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эстелигин капиталдык оңдоо иштерине, Тельман көчөсүндөгү мончонун жанындагы суу өтүүчү түтүктү алмаштырууга, Г.Айтиев жана МЭЗ көчөсүнүн кесилишкен жериндеги суу өтүүчү көпүрөнү тазалоо, түтүк коюу иштерине жалпы 292,2 миң сом акча каражаты сарпталды.

Арашан кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөргө септик куруу иштери толугу менен 749,5 миң сомго аткарылды. Кушбаков көчөсүндөгү №10 көп кабаттуу үйдүн сыртына 12 көздүү жаңы ажаткана куруу иштери аягына чыгып, 560 миң сом акча сарпталды. Тельман көчөсүнүн райондук оорукана жагындагы тротуарга брусчатка төшөө иштери аягына чыгып, 489,7 миң сом акча каражаты сарпталды. Кошумча 103 метрге темир бетондон лоток коюлду. Ошондой эле, Козубаев көчөсүн асфальттоо иштери аягына чыгып, 449,9 миң сом сарпталган.

Төлөбергенов жана З.Космедемяньская көчөлөрүнө темир бетондон лоток коюп, жолдун астына 6 метрден 2 түтүк коюуга, шагыл төгүп, тегиздөө иштерин жүогүзүүгө 200 миң сом акча каражаты сарпталды. Ленин көчөсүндөгү темир бетондон жасалган тосмолорду актап, сырдоо иштерине жана жолдорго жөө жүргүнчүлөр өтүүчү сызыктарды сызууга келишим түзүлүп, 246,5 миң сомдук жумуш аткарылды. Ал эми, Кара-Суу шаарына түнкүсүн жарык берүүчү жабдууларды оңдоо, жаңылоо иштерине 288,5 миң сом сарпталды.

Жумушчу көчөсүндөгү жыгач мамычалардын ордуна темир бетондон түтүк коюлуп, 200 миң сом жумшалган. Ошондой эле, Манас атындагы орто мектебине 12 көздүү ажаткана курууга 543,7 сом чыгымдалды. Бул жылы Кара-Суу шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалган долбоор боюнча Умаров, Терешкова, Мамадалиев, Осмонов, Нурахунов, Х.Турсунов, Ж.Аматов, Мектеп, МЭЗ, Кушбаков көчөлөрүнө тендердин негизинде асфальт төшөө иштери аткарылды. 

Шаардын муниципалдык жана коммуналдык чарба ишканалары 

Кара-Суу шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментине шаардык кеңештин 2015-жылдын 19-мартындагы №10 токтомунун негизинде жергиликтүү бюджеттен жалпы 19 млн 186 миң сомдук чыгаша сметасы бекитилип, 18 млн 371 миң 400 сомдук курулуш иштери аткарылды. Ал эми, 2015-жылда мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департамент тарабынан ижара акынын 1 жылдык планы 1 млн 500 миң сом болуп, аткарылганы 1 млн 702,7 миң сом же 1,135% болгон.

Социалдык тармак

Кара-Суу шаарында 1-2-топтогу майып адамдардын саны – 393, анын ичинен майып балдар – 101, 18 жашка чейинкилер 68, ВИЧ илдетине чалдыккандар – 18 адам болгон.

Пенсионердин саны – 1875 адам, аларга орто эсеп менен айына 6 млн 540 миң 973 сом пенсия төлөнөт. Анын ичинен 866 пенсионер почта аркылуу, 1009 пенсионер банк аркылуу пенсиясын алышат. Кара-Суу шаарында жакырчылыкты жоюу максатында жалгыз бой карыяларга, мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга, 1-2-топтогу майып адамдарга ар кандай жардамдар көрсөтүлүп келет.

2015-жылы 69 үй-бүлөгө же 200 балага жөлөк пул чегерилген. Бул көрсөткүч 2014-жылы 81 үй-бүлө же 237 бала болгон.

2015-жылы райондук эмгек миграция жана жаштар бөлүмүндө 509 жумушсуздар катталган. 2014-жылы бул көрсөткүч 370 адамды түзгөн.

Жалпысынан 2015-жылга карата мэрдин резервдик фондунан турмуш шарты оор жана ден соолугунан жабыркаган 71 үй-бүлөгө 378,1 миң сом акча каражаты материалдык жардам катары берилген. Бул жылы балдарын бала бакчага жайгаштыруу боюнча 247 жарандан арыз түшсө, атайын комиссиянын негизинде 130 балага орун берилген.

Кара-Суу шаарындагы билим берүү мекемелеринде 1-класска 549 окуучу кабыл алынса, шаарда жалпы билим алып жаткандардын саны 6 миң 808 окуучуну түзөт.

Кара-Суу шаардык мэриясы тарабынан ар жыл сайын майрам күндөрү жогорку деңгээлдеги иш-чаралар уюштурулуп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2411
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×