Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

26 жаштагы ырчы Самара Каримова «Сулайман-Тоо» музейинин башкы директору болду

Turmush -  Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору болуп белгилүү ырчы Самара Каримова дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков кол койгон. Бул маалыматты Самара Каримова да тастыктады.

Музейдин мурунку директору Тургунбаев Абдраим Исакович өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Аталган музей ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген. Учурда анда 80ден ашуун кызматкер бар.

26 жаштагы Самара Каримова Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймак боюнча маданий борборунун башчысы Асан Мансуровдун жубайы.

8048450c3c3a95a5c9e3eb95f21ede3a

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 18246
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×