Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-январь
Баракелде, Бишкек 29.07.2017 09:56 Жаңыланды: 10.01.2019 10:19

Редактор жана кабарчыларды жумушка чакырабыз

Turmush -  АКИpress агенттигинин Turmush басылмасы Бишкек шаарындагы кеңсенин кыргыз тилдүү бөлүмүнө редактор жана кабарчыларды чакырат. Ошондой эле 16 жаштан жогорку студенттерге (адистиги маанилүү эмес) тажрыйба топтоп, туруктуу иштеп калууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Чүй облусунун Токмок шаарынан жана Кемин районунан аймактык кабарчы болуп кызматташууну кааласаңыз да байланышыңыз.

Кандай шарттар түзүлгөн?

- Ынтымактуу жамаат;

- Журналисттик, кабарчылык кесипке окутуп, үйрөтүү;

- Туруктуу эмгек акы;

- Түшкү тамак (акысыз).

Резюме үчүн электрондук дарек — aimak.akipress@gmail.com (резюме деген белги менен), WhatsApp — (0554) 65 60 25 (тандалган талапкерлер маектешүүгө чакырылат).

АКИpressмедиахолдинги Кыргызстандын аймагындагы элдин жашоосун, саясат, спорт, бизнес жана экономика, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кылмыш-кырсыктар жана башка багыттагы жаңылыктарды, Борбор Азиядагы маалыматтарды, сүрөт жана видеоматериалдарды ыкчам жана так жайылтат.

Turmush – Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош жана Чүй облустарындагы — жалпы Кыргызстандын аймактарындагы ар тараптуу жаңылыктарды ыкчам, так жана жеринде окурмандарга жеткирет.

АКИpress аймактардагы жаш, активдүү жана креативдүү кыргызстандыктарды Turmush долбооруна кошулуу менен өлкөнүн шаарларындагы, райондорундагы жана айылдарындагы абалды биргеликте жакшыртууга чакырат. Учурда Turmush.kg сайтынын өлкөнүн аймактарындагы кабарчылары 100дөн ашык жана алардын катары активдүү, креативдүү, патриот кыргызстандыктар менен көбөйүүдө.

Ошондой эле учурда Ош, Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Жалал-Абад облустарында Turmush басылмасынын өкүлчүлүктөрү — кеңселери иштеп жатат.

Жалал-Абад шаары

Жалал-Абад - АКИпресс

Дареги — Жалал-Абад шаарынын Жусупбек Бакиев көчөсү №36

Тел: +996 (554) 65 60 51

Талас облусу

А 1

Дареги — Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсү №287

Байланыш телефону: +996 (554) 65 60 23.

Ош облусу

А 4

Дареги: Ош шаарынын Курманжан датка көчөсү №287

Байланыш телефону: +996 (3222) 2-18-04

Нарын облусу

А 5

Дареги — Нарын шаарынын Ленин көчөсү №76

Байланыш телефону: +996 (0554) 65 60 12

Баткен облусу

А 3

Дареги — Баткен шаарынын Нургазиев көчөсү №2

Байланыш телефону: +996 (3622) 5 04 14

Ысык-Көл облусу

DSCN5343

Дареги — Каракол шаарынын Москва көчөсү №128

Байланыш телефону: +996 (554) 65 60 24.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×