Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

Видео, фото - Өзгөндүн борбордук базарындагы өрт өчүрүлдү

Turmush -  Өзгөн шаарынын борбордук базарында чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы, полковник  Сабиржан Курбанбаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, 29-июлда саат 04:40тар чамасында ӨКМдин өрткө каршы кызматына Өзгөн районунун борбордук базары күйүп жаткандыгы боюнча билдирүү түшкөн.

Аталган дарек боюнча Өзгөн райондук өрткө каршы кызматынын 1-2-бөлүмү, Куршаб өрткө каршы кызматынын 1-бөлүмү, Ош шаардык өрткө каршы кызматынын 1-бөлүмү, Кара-Кулжа райондук өрткө каршы кызматынын 1-бөлмү жеринде өчүрүү иштерин жүргүзүп, саат 07:50дө өрттү курчоого алышып, саат 09:00дө толугу менен өчүрүшкөн. Ошондой эле, Өзгөн РИИБдин 120 кызматкери, «Тазалык» ишканасынан 1 унаа тартылып, жергиликтүү тургундар өрт өчүрүү иштерине жардам беришкен. Өрт кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

 

Буга чейин жатат Turmush басылмасынын кабарчысы Өзгөн шаарындагы борбордук базарда ири өрт чыккандыгын билдирген. Адамдар соода түйүндөрдөн товарларды ташып чыгууга аракет кылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1945
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×