При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Элдик уламыш: Этникалык кыргыздар жашаган Сары-Могол айылы моло таштардын көптүгүнөн улам аталган (фото)

Turmush -  Алай районунун Сары-Могол айылы моло таштардын көптүгүнөн Сары-Могол деп аталып калган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, Сары-Могол аталышынын келип чыгышы боюнча эки башка уламыш айтылып келет.

«Биздин айыл кышкысын суук, жайкысын салкын, абасы таза. Бул жерде илгери өңү сары болгон бир монгол жашап кеткен экен. Ошондон улам айыл Сары-Могол аталган дешет. Ал эми, айрымдар моло жана жылмакай таштар көп болгондуктан Сары-Могол деп аталып калган деп айтышат», - дешти жергиликтүүлөр.

Сары-Могол айылында жашоочулардын басымдуу бөлүгүн этникалык кыргыздар түзүп, калктын саны 5 миңге жетет. Алар көбүнчө мал чарбачылыгы менен алектенишет.

Айылдын ортосунда Х.Алимсеитов атындагы орто мектеби орун алып, 7 мечит жайгашкан. Быйыл айылга алгачкы жолу спорт зал курулууда.

Сары-Моголдо топоз көп багылгандыктан улуттук ат оюндары менен кошо бука тартыш да ойнолот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 887
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:18,   20.08.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу