Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

Сары-Таш айылында шарттары бар оорукана ачылды (фото)

Turmush -  Алай районундагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн Сары-Таш айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалы ачылды. Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Бактыгул Алимбекова аймактык кабарчыга билдиргендей, эми бейтаптар үчүн керектүү шарттар түзүлдү.

«Мындай мекеме Сары-Таш айылында биринчи жолу ачылып жатат. 4 койкалуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун алдындагы күндүзгү стационардын имараты мурун төрөт үйү болгон. Бирок, шарты жок болгондуктан бош турган эле. Эми толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Мындан ары бейтаптар жатып дарыланса дагы болот», - деди Б.Алимбекова.

Сары-Таш айыл өкмөтүндө Алай аймактык ооруканасынын 5 койкалуу филиалы да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 807
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×