Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ош

Кара-Сууда бөлтүрүктөрүн алып кеткен мергенчилерге өчөшкөн карышкырлар күн сайын 5-6 койду жеп жатат

Turmush -  Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Алчалы жайлоосунда карышкырлар бир ай ичинде 30га жакын жылкыны жеп кетишти. Бул тууралуу Кара-Сөгөт айылынын тургуну Урмат Каныбаев билдирди.

«Июль айында карышкырлардын кол салуусу күчөдү. Бир ай мурда Баткенден чакырылган мергенчилердин тобу карышкырларды ата албай коюшкан. Бирок, алардын үңкүрүнөн 4 бөлтүрүгүн алып кетишкен. Андан бери карышкырлар жайлоодогуларга өчөшүп, күнүнө 5-6 койду кырып кетүүдө. Андан сырткары, 1 ай ичинде 30га жакын жылкыны жеп кетишти. Папандык мергенчилердин тобун чакырдык, бирок алар да карышкырларды таппай коюшту. Кол салып жаткан карышкырлар төртөө», - деди Урмат Каныбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1133
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:33,   11.12.2017   ( 21 адам окуп жатат)
×