Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Май айындагы жер көчкү тосуп калган Куршаб—Жалпак-Таш жолу ачылды (фото)

Turmush -  Өзгөндөгү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Куршаб—Жалпак-Таш унаа жолунун 18-21-чакырымы көчкүдөн кийин толугу менен оңдолуп, пайдаланууга берилди. Айыл өкмөттүн башчысы Кутманбек Эралиев аймактык кабарчыга билдиргендей, аталган жол апрель-май айындагы жер көчкүдөн кийин жабылып клаган.

«Айылдагы 3 чакырым жолго көчкү түшүп, жолду тосуп калган. Азыр ички чарбалык жол курулуп, пайдаланууга берилип жатат. Мындан сырткары, айыл өкмөттөгү бардык айылдарды аралап өтүүчү жол курулууда», - деди К.Эралиев.

Буга чейин Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Курбу-Таш айылындагы 50дөн ашуун үй-бүлө Куршаб—Жалпак-Таш унаа жолу жабылып калганынан улам адыр менен өтүүгө аргасыз болуп жатканы маалымдалган.

2017-жылдын 30-апрелинде Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жылып баштаган жер көчкү улам жылып отуруп, жалпы 45 турак жайды, ФАП, мечит, 35 электр мамысын, мектепти жана айылдагы көрүстөндү басып калган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1647
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×