При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Ленин чокусунда ирандык альпинист каза болду

Turmush -  Ленин чокусуна чыгып бара жаткан ирандык альпинист каза болду.

Аймактык кабарчыга Ош ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 2-августта билдиргендей, альпинисттин денеси Чоң-Алай районунун Ачык-Таш аймагындагы Ленин чокусунан 31-июлда табылган. Анын өздүгү такталып, 1968-жылы төрөлгөнү, 19-июлда Ош шаарына учак аркылуу келгени белгилүү болду. Ал эми, Ленин чокусуна 24-июль күнү чыккан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, турист 6600 метр бийиктикке жеткенде кан басымы көтөрүлүп, ошол жерде каза болгон. Денени куткаруучулар алып түшүп, жакындарына жөнөтүү аракеттери көрүлүп жатат.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Ленин чокусуна чыккан россиялык альпинист Юрий Курмачев 23-июлда көз жумганы маалымдалган.
Ленин чокусу — Чоң-Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндөгү эң бийик чоку. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан чокунун бийиктиги 7134 метрге жетип, Кыргызстандагы Жеңиш чокусунан кийинки 2-орунда турат. Ал эми, КМШда бийиктиги боюнча 3-орунду ээлейт. Кырка тоонун чоку көтөрүлүп турган аймагы мөңгү менен капталган. Кардын чеги түндүгүндө 4200 метр, түштүгүндө 4500 метр бийикте.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 594
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу