Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Ош облусунун аймагында 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Turmush -  Бүгүн, 3-августта саат 06:15 чамасында Ош облусунун аймагында очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, жер титирөө Алай районунун Нура, Иккизяк айылдарында 4 баллга, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга чейин жеткен.

ӨКМ жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар жок экенин билдирди.

Мурда маалымдалгандай, өлкө аймагында кечээ, 2-августта саат 05:26да очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Алай кырка тоолорунда, Ош облусундагы Алай районунун Икизяк айылынан түштүккө карай 14 чакырымда, Нура айылынан түштүк-батышка карай 15 чакырымда, Кең-Суу айылынан түштүккө карай 18 чакырымда, Эркеч-Там айылынан түштүк-батышка карай 20 чакырымда, Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышка карай 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Икизяк, Нура айылдарында 3 баллга, Кек-Суу айылында 2,5 баллга жеткен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 892
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×