Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Видео, фото - Түндө Өзгөндөгү ири дүкөн менен турак үй өрттөндү

Turmush -  Бүгүн, 4-августка караган түнү Өзгөн шаарында ири дүкөн жана көп кабаттуу үй өрттөндү.

ӨКМдин басма сөз кызматынын алдын ала маалыматына караганда, өрт дүкөндүн жанындагы 3 турак үйгө да жайылган. Аталган дарекке Өзгөн райондук №53 өрт өчүрүү бөлүмүнөн 2 бөлүм жана №103 бөлүмдөн 1 бөлүм тартылып, саат 00:04дө өрт толугу менен өчүрүлдү.

Кырсыктан адамдар жабыркаган жок. Учурда чыгым такталып жатат.

Өзгөндүн борбордук базарында 29-июлда саат 04:50 чамасында дагы ири өрт чыккан. Өрт учурунда адамдар жабыркаган жок. ӨКМдин билдирүүсү боюнча, саат 07:50дө өрттү курчоого алышып, саат 09:00дө толугу менен өчүрүшкөн. Өрт кырсыктын кесепетинен соодагерлер миллиондогон сомдук чыгымдарды тартышты. Учурда тактоо иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1375
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×