Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

Эл ичи — өнөр кенчи : 25 жаштагы Манасбек грэпплинг боюнча өлкөнүн 7 жолку чемпиону болууга жетишти (фото)

Turmush -  Чоң-алайлык 25 жаштагы спортчу Эркул уулу Манасбек грэпплинг боюнча Кыргызстандын 7 жолку чемпиону болууга жетишти. Аймактык кабарчы спортчу менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында чоңойгон. 15 жашынан бери грэпплинг менен машыгып, 5 жылдан бери профессионалдык деңгээлде күч сынашып келет.

«Мен 5 жыл ичинде 66 кг салмак менен өлкөдө 7 жолу чемпион болсом, 77 кг салмак менен эл аралык мелдеште 2 жолу күмүш медалдын ээси болдум. Мелдешке 20 күн калганда мүнөздөп тамак жейм. Женил тамакта сөзсүз түрдө айран болот. Ар бир чемпионатка Ысык-Көлгө барып даярданып келебиз. Мелдешке 15 күн калганда катуу режимде машыгуулар болот. Машыктыруучум Кенжебек Чекиров спорт менен көп жерди көргөнгө шарт түзүп берүүдө. Келечекте грэпплинг менен кыргызымдын атын чыгарсам деген ниетим бар», - деди ал.

Спортчу жигит үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси. Азыркы тапта Бишкек шаарында жашап, машыгып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2154
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×