Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Фото - Араванда үйүн сел каптаган 13 үй-бүлөгө жер тилке берилди

Turmush -  Араван районунда селден жабыркаган 13 үй-бүлөгө бүгүн, 4-августта Кең-Сай массивинен турак жай куруу үчүн жер тилкелер берилди.

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүнбай Гүлжигитовдун айтымында, ушул жылдын 9-июлунда айыл өкмөттөгү Кичи-Алай айылын каптаган селден 5 үй жабыркап, 11 үй кооптуу деп табылган. Ошол эле күнү Кызыл-Шоро тилкесиндеги селден 2 үй жараксыз абалга келген. Жалпы 13 үй-бүлө үйдүн ичиндеги керектүү буюмдардан кошо айрылган.

Жаңы жер тилке берилген аймакка жакын арада суу чыгарып, электр энергиясын берүү аракеттери көрүлүп жатат. Бул үчүн мамлекеттен 300 млн сом каралууда.

Араван районунун акими Курманбек Айтибаевдин айтымында, селден жабыркаган үй-бүлөлөр кышка чейин турак жай курууга жетишүү үчүн райондогу мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери 1 күндүк айлык акысын жардам катары атайын ачылган эсепке которушат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1984
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×