При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Ноокатта 1,5 млн сомдук футбол аянтча ачылды (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Кыргыз-Ата айылында жаңы курулган кичи футбол аянтча пайдаланууга берилди. Кечээ, 5-августта өткөн ачылыш аземге бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышып, мындай демилгелер жаштарды спортко үндөө менен дени сак балдарды тарбиялоо максатын көздөй турганы айтылды.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Мариповдун айтымында, футбол аянтчанын курулушуна 1,5 млн сом жумшалган. Эл аралык уюм каржылык жактан колдоо көрсөтүп, жергиликтүү бюджеттен дагы каражат бөлүндү.

Ачылыш аземдин алкагында жаштар арасында футбол мелдеши өткөрүлүп, жеңүүчүлөр жергиликтүү бийлик тарабынан акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 481
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:37,   14.08.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу