Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Өзгөндө 3 унаа кагышып, 44 жаштагы аял каза болду

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун Өзгөн районундагы тилкесинде 3 унаанын катышуусунда болгон кырсыктан 44 жаштагы аял каза болуп, оор абалдагы адам ооруканада дарыланып жатат.

ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, кечээ, 6-августка караган түнү «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унааны О.Л. аттуу аял киши Жалал-Абад шаарынан Өзгөн шаарына карай башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыкканда «Тойота Вич» менен кагышкан. Ал унаанын сол капталын сүзүп, андан кийин «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаага урунуп токтогон.

Анын кесепетинен Өзгөн аймактык ооруканасына 2 адам оор жаракат менен жеткирилип, анын бири каза болду. Көз жумган аял 44 жаштагы аял С.Г. экени такталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 957
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×