Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Алайда оодарылып кеткен унаанын айдоочусу каза болду

Turmush -  Алай районунун аймагында адам өмүрү кыйылган жол-транспорт кырсыгы болду.

Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, 4-август күнү Алай тарапка бара жаткан жолдо «Вольксваген Гольф 3» үлгүсүндөгү унаа башкаруусун жоготуп, оодарылып кеткен. Шагылдан улам оодарылган унаа 20 метрге чейин сүрүлүп барып токтогон. Анын кесепетинен айдоочу оор жаракат алып, окуя болгон жерде көз жумду. Анын өздүгү такталып, Алай районунун 1966-жылы туулган тургуну М.О. экени аныкталган.

Учурда аталган кырсык боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1368
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×