При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Курбу-Таш айылында үйүн жер көчкү басып калган үй-бүлөлөргө президент 100 миң сомдон берди

Turmush -  Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Курбу-Таш айылында жер көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө президент Алмазбек Атамбаевдин атынан 100 миң сомдон берилди.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, акчалай жардамды жалпы 52 үй-бүлө алды. Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 5 млн 200 миң сомду өлкө башчынын атынан Ош облусунун жетекчиси Таалайбек Сарыбашов жана Президенттик аппараттын инспектору Акылбек Орозалиев кечээ, 7-августта тапшырды.

озгон3

озгон

2017-жылдын 30-апрелинде Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жылып баштаган жер көчкү улам жылып отуруп, жалпы 45 турак жайды, ФАП, мечит, 35 электр мамысын, мектепти жана айылдагы көрүстөндү басып калган. Үйү көчкү алдында калган үй-бүлөлөр көчкүгө чейин ӨКМ тарабынан тигилген чатырларга жайгаштырылып, коопсуз аймактан жер тилкелер берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 352
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:18,   20.08.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу