Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

Айыл турмушу: Кара-суулук Ш.Тойчиева чакан аянттагы кулпунайдан биринчи жылы 100 миң сом киреше алды (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Кенжегул айылынын тургуну Шарипа Тойчиева чакан аянтта өстүргөн кулпунайдын түшүмүнөн 100 миң сом пайда көрдү. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты.

Дыйканчылык менен экинчи жыл алектенип жаткан айым түшүмдү айылдаштары сатып алып жатканын айтып берди. Кулпунайдан кыям даярдоону каалаган кожойкелер кеминде 30 кг сатып алышат.

«Былтыр биринчи жолу кулпунай эгип, түшүмүн толугу менен айылдаштарыбыз алып кетишкен. Бир аз өлчөмдөгүсүн соодагерлер өздөрү эле сатып алышты. Учурда чарбактагы 30 сотых жерде кулпунай өсүп турат. Ал аянтты көбөйтөлү деп жатабыз», - деди дыйкан айым.

Ш.Тойчиева былтыр 30 сотых аянттан 1 тоннадан ашык түшүм алган. Кулпунайдын килограммы базар баасында 70 сом болсо, дүң баада 50 сомдон саткан.

«Кулпунай эрте жазда абдан кымбат болот. Соодагерлер талаадан 100 сомдон алып, базарда 150 сомдон сатышат. Учурда экинчи теримдеги түшүмдү жыйнап жатабыз», - деп кошумчалады.

Дыйкан айым үй-бүлөсү үчүн бакчасында мөмө-жемиштердин башка түрлөрүн да өстүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 738
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×