Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

Кара-Суу шаарындагы 11 көчө биринчи жолу асфальтталат (фото)

Turmush -  Кара-Суу шаарындагы 11 көчөгө биринчи жолу асфальт төшөлүп баштады. Шаардык муниципалдык менчикти башкаруу департаменти жалпы 13 көчөнү асфальттоо пландалганын билдирди.

«Учурда 11 көчөдө асфальттоо иштери жүрүп жатат. Кара-Суу шаардык мэриясы жарыялаган тендерди утуп чыккан ишкана 8 млн сомдон ашуун каражатка асфальттайт. Андан тышкары, 300 миң сомго жолдордогу чуңкурлар оңдолот», - деди департаменттин башчысы Саипжан Исмаилов.

Оңдоодон өтүп жаткан жолдун жалпы узундугу 2 чакырымдан ашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 612
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×