Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Ош

Фото - Ошто троллейбустун айдоочулары иш ташташты

Turmush -  Бүгүн, 10-августта Ош шаарындагы Манас ата кичи районунан Курманжан датка кичи районуна каттаган троллейбустардын айдоочулары жүргүнчүлөрдү ташууга чыккан жок. Бул маалыматты мэриянын чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Романов тастыктап, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Ал эми, 30га чукул айдоочу салыктын көлөмү көп болуп, эмгек акынын убагында берилбегенине нааразы экенин айтууда. Ар бир каттам үчүн 300 сомдон салык алууга көп жылдан бери троллейбус айдаган Акбарали Абжапаров дагы нааразы.

«Азыр жай мезгили, студенттер жок. Ар бир каттамдан 300 сомдон план коюлду. Ошондой эле, электр энергия үчүн ар бир каттамга 80 сомдон төлөп жатабыз. Бул салыкты төгүүгө мүмкүнчүлүк жок болгонуна байланыштуу 30га жакын айдоочу иш таштоого чыктык», - деди айдоочу.

Учурда Ош шаарында күн сайын 18 троллейбус каттамдарга чыгат. Манас ата кичи районунан Курманжан датка районуна каттаган троллейбустар күн сайын 7 каттам жүрүшөт. Ош шаарында троллейбуска түшкөн  бир жүргүнчүдөн 6 сомдон, окуучулардан 1 сомдон алынса, пенсионерлер үчүн жол кире акысыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 770
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×