При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Кара-Суунун Фуркат айылындагы 100гө чукул үй-бүлө таштанды аккан арыктан суу ичип, ылай жолдон өтүшөт (видео)

Turmush -  Ош шаарынан 3 чакырым алыста жайгашкан Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Фуркат айылындагы Алиханов көчөсүнүн тургундары үчүн таза суу чоң көйгөй жаратып келет. Бүгүн, 10-августта Ош шаарында өткөн маалымат жыйында жергиликтүү тургундар таштанды агып, мал ичкен суудан пайдаланууга аргасыз болуп жатканын айтып чыгышты.

Алардын айтымында, Фуркат айылынын четинде 8 жыл мурда өздөштүрүлгөн аймактан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабар алган эмес. Учурда аталган көчөдө жүзгө чукул үй-бүлө жашайт.

IMG-20170810-WA0174
«Бизде жол көйгөйү да бар. Коомдук унаалар каттабайт, мектеп, бала бакча жок жана электр жарыгы тартылган эмес. Өзүбүз эптеп акча топтоп, трансформатор сатып алганбыз. Өз күчүбүз менен орноткон электр мамычалар учурда четинен кулап баштады. Балдарыбыз 4 чакырым алыстагы мектепке жөө катташат. Ошондой эле, таза суунун жоктугунан мал суу ичкен арыктан суу ичебиз. Ал суунун башында жашаган адамдар жайкысын сууга түшүп эс алып, таштандылар кошо агып келет. Суунун башында таштандылар да көп топтолот. Ушундай чоң көйгөйлөр менен жашаган элге Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы 7 жылдан бери жолуга элек. Улам алмашкан айыл өкмөт башчылар көйгөйлөрдү бири-бирине шылтоолоп келет», - деди айыл тургуну Жайнакбек Абакулов.

Маалымат жыйындын катышуучулары район акими, Шарк айыл өкмөтүнүн жетекчилиги эл менен жолугушсун деген талап коюшту.

«Биз Памирдеги кыргыздардай жашап жатабыз. Жамгыр жааган убакта шагыл төгүлбөгөн жол баткак болуп калат», - деп кошумчалады Роман Токтаралиев.

Кийинчерээк Алиханов көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусуна Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Тезекбаев жооп кайтарды.

«Элдин нааразычылыгы бүгүн эле пайда болуп калган жок. Биздин айыл өкмөт дотацияда отурат. Акча жок болсо алардын көйгөйүн кантип чечебиз? Таза суу маселеси Шарк айыл өкмөтүндөгү көп айылдарда жаралып жаткан көйгөй. Биз таза сууну Ош шаарынан алабыз. Ошондуктан бул оңой чечиле турган маселе эмес. Ал жакка эл эми гана көчүп барып, отурукташып жатышат.

Биз айыл өкмөттөгү эсепчи менен биргеликте бюджетти эсептеп жатабыз. Чөнтөгүңдөгү акчага карап иш жасоо керек. Жашоочулар миң ирет нааразычылыгын айтып чыкса дагы, бюджетте каражат жок болсо эч кандай иш жасай албайбыз», - деди Т.Тезекбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 639
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:18,   20.08.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу