Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ош

Алайда сууга чөгүп бараткан 4 жаштагы баланы куткарып калышты

Turmush -  Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Дача көлмөсүнө чөгүп бараткан 4 жаштагы бала куткарылды.

Жергиликтүү тургун Камчы Эркинбеков аймактык кабарчыга билдиргендей, окуя 6-август күнү саат 16:00 чамасында болгон.

«Мен көлмөгө түшүү үчүн эки иним менен бирге баргам. Ал жактан балдар чуркап келип, кичинекей баланын сууга түшүп кеткенин айтышты. Чуркап барсам ал бала эс-учун жоготуп сууга чөгүп кетиптир. Дароо суудан чыгарып, алгачкы жардамдарды көрсөттүм. Суудан жаңы алып чыкканда дем албай жатканын көрүп коркуп кеттим. Бир аздан кийин эсине келип, үйүнө жеткирип бардым. Ал бала эжеси сууга барба дегенин укпай, үйүнөн качып кеткен экен», - деди Камчы Эркинбеков.

Учурда баланын абалы жакшы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 873
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:33,   11.12.2017   ( 16 адам окуп жатат)
×