Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Ош

Ноокат районунда 2 унаа кагышып, 1 айдоочу ооруканадан каза болду

Turmush -  Кечээ, 9-августта Ноокат районунун Кеңеш айылында 2 унаа кагышып, 45 жаштагы адам каза болду.

Патрулдук милициянын Ош облусу боюнча бөлүмүнүн маалыматына караганда, Ноокат РИИБге кырсык тууралуу саат 21:00 чамасында маалымат түшкөн. Ош — Исфана жолунда оор жүк ташуучу «DAF» үлгүсүндөгү унаа менен «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаанын 1972-жылы туулган айдоочусу О.А. оор жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилип, бирок өзүнө келбей каза болгон. Ал Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнүн тургуну экендиги такталды.

Ал эми, оор жүк ташуучу «DAF» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 31 жаштагы тургуну экендиги белгилүү болду. Учурда аталган кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1773
Көп окулду
×