Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ош

Чоң-Алай прокуратурасы мыйзамсыз жер берүү фактысын аныктады

Turmush -  Чоң-Алай райондук прокуратурасы тарабынан Кашка-Суу айыл өкмөтүндө мыйзамсыз жер тилке берилгени ачыкка чыгарылды.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, айыл өкмөттүн жетекчилиги тарабынан 2017-жылдын 23-январындагы токтом менен Кашка-Суу айылынын тургунуна Бурган-Суу аймагынан 0,15 гектар жер берилген. Бирок жер берүүдө «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер тилке берүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун талаптары бузулган. Ошондой эле, бул чечим Чоң-Алай райондук мамлекеттик каттоо бөлүмү тарабынан каттоодон өткөрүлгөн эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен топтолгон маалыматтар чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 529
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×