Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

Ошто куруучулардын кесиптик майрамы белгиленди (фото)

Turmush -  Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 11-август — Куруучулар күнү салтанаттуу түрдө белгиленди.

Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, майрамга Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов, тийиштүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери, архитекторлор, куруучулар катышты. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө вице-мэр куруучу сыймыктуу жана өтө жоопкерчиликтүү кесип экенин билдирип, шаардын инфраструктурасын жакшыртуудагы куруучулардын салымын белгиледи. Андан соң, Ош шаарынын инфраструктурасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы жана курулуш тармагындагы ак эмгеги үчүн 10дон ашуун куруучуларга жана курулуш тармагын тейлеген мекеме-ишканалардын кызматкерлерине ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 486
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×