При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк уста А.Бекешов түрктөргө 17 боз үй сатып, миллионер болду (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын 44 жаштагы тургуну Алымбек Бекешов Түркиянын Бурса шаарында өткөн түрк тилдүү элдердин фестивалына катышып, 17 боз үйүн сатып келди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга А.Бекешов өзү билдирди.

Анын айтымында, фестивалга Түркияда жашаган памирлик кыргыздар дагы катышты. Ал эми Кыргызстандын атынан Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү, фольклордук топ, маданият кызматкерлери, каскадерлор болуп жалпы 50 адам катышты.

«Ушул жылдын 22-июлунда өткөн түрк тилдүү элдердин фестивалына 17 боз үй алып барып тиктик. Анын 16сы 110 баштуу болсо, бири 130 баштуу боз үй болчу. Барып-келген чыгымдарыбызды түрк тарап төлөп берди. Түрк эли кыргыз боз үйлөрүн абдан баалашат, ошондуктан майрамдарда биздин боз үйлөрдү тигишет. Фестивалда 16 боз үйдү 10 миң доллардан, бир чоң боз үйдү 13 миң долларга саттым. Түрк тарап менен атайын келишимдин негизде иштешебиз», - деди А.Бекешов.

Ал белгилегендей, фестивалга түрк тилдүү элдер катышып, өздөрүнүн каада-салттарын көрсөтүштү.

«Фестивалда Түркиядагы памирлик кыргыздар кыз узатуу салтын көрсөтүп, көпчүлүктү таң калтырды. Мындай фестивалдардын өтүшү кыргыз элинин баалуулуктарын даңазалоого өбөлгө болот. Эл аралык фестивалда кыргыз боз үйлөрү тигилгенине сыймыктандым. Мен айылдагы алдыңкы усталардан сабак алып, 15 жылдан бери боз үй жасап келем. Боз үйлөрдү 3 миң доллардан 10 миң долларга чейин баалайм. Келечекте кыргыздын боз үйүн улуттук баалуулук катары башка өлкөлөргө таанытып, бир нече мамлекеттер менен иштешүүнү максат кылып жатам», - дейт А.Бекешов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3633
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу