Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ош

Ошто троллейбустар өз нугунда иштеп жатат

Turmush -  Ош шаарында троллейбустар өз нугунда иштеп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын чарба, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов билдирди.

«Троллейбустардын айдоочулары Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасына бир каттамга төлөнүүчү акча каражатынын 50 сомго көтөрүлүшүнө нааразычылык билдиришкен. Жуманын башында тарифтик планга коюлган бир каттамдын суммасы 250 сомдон 300 сомго көтөрүлгөн. Ошондуктан айдоочулар нааразычылык билдирип, каттам 4-5 саатка гана үзгүлтүккө учурады. Бирок күндүзгү саат 12:00дөн тарта Ош шаарындагы троллейбус каттамы өз нугунда иштей баштаган.

Белгилей кетсек, Ош шаарында троллейбустун бир линиясы бар. Ушул жылы 24-майда Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасына Россия Федерациясынан келген жаңы 23 троллейбустар тапшырылган. Жалпысынан Ош шаарында 35ге жакын троллейбус каттайт»,- деди У.Раманов.

Бөлүм башчы бир жума бою троллейбустарга атайын түзүлгөн комиссиялык топ рейд жүргүзүп, хронометражын эсептеп, туруктуу баа коюла турганын кошумчалады. Ошондой эле, ал учурда бир каттамдын баасы 300 сом боюнча калганын билдирди.

10-августта Ош шаарындагы Манас ата кичи районунан Курманжан датка кичи районуна каттаган троллейбустардын айдоочулары жүргүнчүлөрдү ташууга чыккан жок. Бул маалыматты мэриянын чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Романов тастыктап, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалаган.

Ал эми, 30га чукул айдоочу салыктын көлөмү көп болуп, эмгек акынын убагында берилбегенине нааразы экенин айтууда. Ар бир каттам үчүн 300 сомдон салык алууга көп жылдан бери троллейбус айдаган Акбарали Абжапаров дагы нааразы.

«Азыр жай мезгили, студенттер жок. Ар бир каттамдан 300 сомдон план коюлду. Ошондой эле, электр энергия үчүн ар бир каттамга 80 сомдон төлөп жатабыз. Бул салыкты төгүүгө мүмкүнчүлүк жок болгонуна байланыштуу 30га жакын айдоочу иш таштоого чыктык», - деди айдоочу.

Учурда Ош шаарында күн сайын 18 троллейбус каттамдарга чыгат. Манас ата кичи районунан Курманжан датка районуна каттаган троллейбустар күн сайын 7 каттам жүрүшөт. Ош шаарында троллейбуска түшкөн бир жүргүнчүдөн 6 сомдон, окуучулардан 1 сомдон алынса, пенсионерлер үчүн жол кире акысыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 488
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×