Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ош

Ошто шаар аралык таксилер текшерүүгө алынды (фото)

Turmush -  Ош шаарынан башка аймакка жүргүнчүлөрдү ташыган унаалардын абалы бүгүн, 11-августта текшерүүгө алынды. ШИИБдин басма сөз кызматынын башчысы Замир Сыдыковдун айтымында, текшерүүнүн алкагында түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.  

«Ош шаарынын аймагынан башка шаарларга жүргүнчү ташыган автоунааларды текшерип, айдоочулар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Айдоочу унаасын техникалык кароодон өткөрүп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна толук жооп бериши керек. Текшерүүлөр Ош шаарынын аймагында 3 бөлүк менен өтүп, таксисттер да суроолоруна жооп алышты. Бул демилге жол кырсыктарды алдын алуу максатын көздөйт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 903
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×